Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №2
Нуржанов айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Нуржанов айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясында Нуржанов айыл аймагынын 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Нуржанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нуржанов айыл аймагынын 2019- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгу боюнча 9925,6 миң.сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 9925.6 миң.сом өлчөмүндө белгиленсин
2. Нуржанов айыл аймагынын 2019- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүчү каржаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Нуржанов айыл аймагынын 2019- жылдагы чыгаша бөлүгү №2тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип, бекитилсин.
4. Нуржанов айыл аймагынын 2019- жылга бюджетинин накталай кассалык жугуртуу акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинин белгиленип,бекитилсин.
5. Нуржанов айыл аймагынын 2019- жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. 2019- жылга Нуржанов айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча №5 тиркемеге ылайык резервдик фонд түзүлүп бекитилсин.
7. Нуржанов айыл аймагынын 2019- жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүнүн расчеттору №6 тиркемеге ылайык белгиленип, бекитилсин.
8. 2019 –жылдын атайын каражат счетунун киреше жана чыгаша бөлүгүнөн1090,0 миң.сом акча каражаты кошумча атайын счеттон №7 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин
9. Нуржанов айыл аймагынын 7- чакырылышынын кезектеги 3-сессиясында кабыл алынган 2019- жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 9925.6 миң.сом өлчөмүндө бекитилсин,
10. 2020-жылдын бюджетинин долбору 9422.2 миң.сом, 2021-жылдын бюджетинин долбору 9523.2 миң.сом , 2022-жылдын бюджетинин долбору 9624.2 миң .сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жергиликтуу бюджетинин кирешелер болугун чындоо максатында томондогудой салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары томондогудой олчомдо бекитилсин .
12. Жергиликтуу салыктар
Жер салыктары:
Юридикалык тараптан алынуучу салык сугат жерлерге 335 сом, кайракы жерлерге 52,50 сом, көп жылдык бак дарактарга 164 сом, шалба жерлерге 11,20сом,жакынкы жайыт жерлерге 4,8 сом ар бир гектарга өлчөмүндө бекитилсин.
Мулк салыгы: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин. Кыймылдуу мүлккө салык (КР Кодексинин 197 статьясынын негизинде Салыктын бул түрүн менчик автотранспорттору жана айыл чарба техникалары бар, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандагы жок жактар төлөөчү болуп эсептелет .салык чегеруу обьектиси жана өлчөмү КР салык Кодексинин 198 статьясынын негизинде жургузулсун.
13. Жалпы мамлекеттик салыктар :
Сатуудан салык . Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
14. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
15. Салыктык эмес кирешелер:Муниципалдык менчиктен жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин.жайыт пайдалануучу төлөм КР бюджеттик кодексинин “жайыттар жөнүндө мыйзамынын ченемдерине ылайык бекитилсин.
16. Айыл өкмөтүнө караштуу мал базардын жеринен түшүүчү машина токтоочу жайынан алынуучу төлөм токтотулсун.
17. Айыл окмотунун мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгаша бөлүм зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан –статьяга чейректен-чейреке жылдыруу жагы финансы бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн жана такталышын Талас финансы бөлүмүнө билдирилип турсун.
18. Кирешенин чыгашадан ашыкча түшкөн бөлүгун жергиликтуу бюджетте калтырылсын жана киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча аткарылган суммасынын 3 пайызын салык инспекциясын которууга тыюу салынсын.
19. Нуржанов айыл аймагынын 14 штаттык бирдиги жана 2 штат бирдиги аскердик каттоо столунун башчысына КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013 –жылдагы № 403 токтомунун негизинде , КР Өкмөтүнүн 2017-жылда 7-авгусундагы №466 токтомунун негизинде Нуржанов айыл аймагына караштуу Маданият бөлүгүнө 2 кызматкер , клуб башчы1 кызматкер КР Өкмөтүнүн 2011 – жылды 19-январында № 16 токтомунун негизинде 2019- жылдын бюджетинде бекитилсин.
20. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жургузуу жагы ,Нуржанов айыл кенешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Жееналиева |