Загрузка документа…
КЕН-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXXIХ-чакырылышынын кезектеги сессиясы
2019-жылдын 18-мартындагы № 3
Жайыт комитетинин жайыттарды башкаруунун бир жылдык жана орто мөөнөттүк планын жайыт акы,техниканын кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү ошондой эле айыл өкмөттүн эсебине жайыт төлөмүнөн түшкөн 3/1 бөлүгүнүн акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы С.Султаналиевдин жайыт комитетинин жайыттарды башкаруунун бир жылдык жана орто мөөнөттүк планын жайыт акы,техниканын кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү ошондой эле айыл өкмөттүн эсебине жайыт төлөмүнөн түшкөн 3/1 бөлүгүнүн акча каражатын пайдалануу жөнүндө кайрылуусун карап талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 39-чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жайыт комитетинин бир жылдык жана орто мөөнөттүк иш пландары инвестициялык, перспективдүү пландары (ПСУИП) бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин айыл өкмөтүнүн эсебине түшкөн 3/1 бөлүк акча каражаты 2018-2019-жылдарга гранттык долбоорлор боюнча өздүк салым үчүн жайыт комитеттин эсебине которулуп берилсин.
3. 2019-жылга жайытка чыккан мал башына жайыт акы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жылкы,уйдун башына– 100сом; Кой-эчкинин башына – 15сом.
4. Дорлбоор аркылуу келген МТЗ-82,1 тракторунун элге көрсөткөн кызмат акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Жер айдоо,тегиздөөсү менен-1га -35л май, 1400сом
-Дары чачуу -1га-5л май 500сом;
-Огород айдоо -1сотых-35сом;
-Культиватор -1га-10л май,400сом;
-Прицеп жумушу рейси -10л май 400сом;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жумабеков И.О. |