Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 6
А.Нуржанов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тегерегиндеги кооптуу теректерди кыюу жөнүндө
А.Нуржанов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин жалпы жамаатынын мектептин тегерегиндеги кооптуу теректерди кыюу жөнүндөгү жазган кайрылуусун карап чыгып, Нуржанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Нуржанов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин жалпы жамаатынын мектептин тегерегиндеги кооптуу теректерди кыюу жөнүндөгү жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтү айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине кайрылуу менен кайрылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жееналиева |