Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-июну № 10
Барскоон айылынын ардактуу ишмери Р.Эшмамбетовго «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Барскоон айылынын ардактуу ишмери Р.Эшмамбетовго «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Н.Чекировдун билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барскоон айылынын ардактуу ишмери Р.Эшмамбетовго айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын, айыл элин жашоо шартын, элди жакырчылыктан чыгаруудагы, айылдын инфраструктурасын жогорулатуудагы, элди иш менен камсыздап жаны ишкана ачуудагы, калкты таза суу менен камсыздоодогу жана инвестиция тартуудагы алгылыктуу иштери үчүн айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
2. Наамды тапшырууга даярдык көрүү жана иш алып баруу жагы вице спикер Ж.Мукашовага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Чекиров |