Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 2
Көк-Мойнок айыл аймагындагы «Аэродром»» участогуна темир жол куруу үчүн жер тилкелерине трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
«Монтеро» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусунун негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагындагы «Аэродром» участкасынан жеке менчикке алган «Монтеро» жоопкерчилиги чектелген коомунун 30,0гектар жер тилкесине өндүрүштүк максатта пайдаланууга темир жол куруп келүү үчүн №160контурдан-0,63гектар, №167контурдан- 0,07гектар, №171 контурдан- 0,14гектар, №174контурдан-0,07 гектар контурларынан бардыгы 0,91гектар жер тилкесин өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын , коргонуунун жерлери жана башка жерлер түрүнө трансформация кылууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер тилкелерин өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын , коргонуунун жерлери жана башка жерлер түрүнө трансформациялоо жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |