Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан «Үлүштүк» (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оӊдоо боюнча долбоор жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиеванын Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оӊдоп түздөөдөн өткөрүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине Тоӊ райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек акы фондунун эсебинен сантехниктин жана электриктин жумуш орундары ачуу зарылчылыгы белгиленсин.
2. Тоӊ райондук билим берүү бөлүмүнөн 2 штаттык бирдиктерин ачуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |