Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-декабры № 35
«Абдрахманов айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Абдрахманов айыл кеңешинин XVII-чакырылышынын кезектеги XVII- сессиясынын күн тартибине коюлган «Бузуулар боюнча Жобосун жана комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө» айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Апсатаровдун баяндамасын угуп,талкуулап айтылган сунуш пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Абдрахманов айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобо бекитилсин
-Абдрахманов айыл өкмөтүнүн «Бузуулар боюнча» комиссиясынын курамына төмөндөгүлөр киргизилип, бекитилсин:
- Карыпов Акжол Бакбергенович - төрагасы,Кароол-Дөбө айылынын
башчысы
- Исмаилов Бапа Кубанычбекович- экономист-статист
мүчөлөрү:
Мурзабаев Зулкарнай Качкынбаевич- коомчулуктан
Шаршембиев Айбек Семетеевич- А/кеңешинин депутаты
Шамбетов Улан Таласбекович- А/кеңешинин депутаты.
2.Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | А.А.Исмаилов |