Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы IV кезексиз сессиясы
2019-жылдын 14-июну № 11
Каркыра жайлоосунда өткөрүлө турган «Ынтымак» фестивалына даярдык көрүү жөнүндө
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 3-июнундагы №7- кеӊейтилген кеӊешменин протоколу: «Каркыра жайлоосунда өткөрүлө турган «Ынтымак» фестивалына даярдык көрүү жөнүндө» билдирүүнү угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 3-июнундагы №7- кеӊейтилген кеӊешменин протоколу: «Каркыра жайлоосунда өткөрүлө турган «Ынтымак» фестивалына даярдык көрүү жөнүндө» протоколдук тапшырманын негизинде Каркыра жайлоосуна «Хан боз үй» (ордо боз үй) тигип ички жасалгаларын камсыздоону уюштурууга жана кызмат көрсөтө туруучу аппарат кызматкерлерин алып барууга күйүүчү май бөлүүгө айыл өкмөтүнүн иш муктаждыктарына байланыштуу 60 000 (алтымыш миӊ сом) акча каражаты каралсын.
2. Акча каражатын мыйзамга ылайык караштырып жылдыруу жана багыты боюнча иш алып барууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчысы А.Иманакуновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Yсөнбаевге тапшырылсын..
Төрага | Н.Чекиров |