Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 24
Көк-Ой айылдык округунун 2019 – жылдын бюджетин бекитүү жана 2018 – жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө
«Көк-Ой айылдык округунун 8 - чакырымындагы 24 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айылдык округунун 2018ж бюджетин аткарылышын кабыл алынсын.
2. Көк-Ой айылдык округунун 2019ж бюджетинин киреше бөлүгү боюнча
10 433,2 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 10433,2 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Көк-Ой айылдык округунун 2019ж бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Көк-Ой айылдык округунун 2019ж чыгаша булагы №2 тиркемеге ылайык булактардан турганы белгиленип бекитилсин.
5. Көк-Ой айылдык округунун 2019ж бюджеттин накталай кассалык жүгүртү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде белгиленип бекитилсин.
6. Көк-Ой айылдык округунун 2019ж бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2019ж карата Көк-Ой айылдык округунун бюджетинин көлөмүнөн 1%га чейин резервдик фонд тузулсун 104,3 мин сом жана КР 2018ж 24-майындагы №54 «Жарандык коргоо боюнча» (МЧС) 120,0 мин сом акча каражатты бекитилсин.
8. Көк-Ой айылдык округунун 2019ж бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн эсептери №5 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
9. Көк-Ой айылдык округунун айыл Кенешинин кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөлдүктү жүргүзүү айылдык Кенештеги «Айыл чарба, экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
10. Көк-Ой айылдык округунун айыл Кенешинин 8 - чакырылышынын 24 - сессиясында депутаттардын 2019ж бюджетин бекитүүдө каралган пикир келишпестин негизинде Кыргыз Республикасынын финансы министрилигинен суралсын.
11. 2019ж социалдык экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
12. 2020 – 2022 жылдын бюджетинин көлөмүнүн 2020-жылга 12519,8 мин сом, 2021 – 13269,9 мин сом, 2021 – жылга 14 431,8 мин сом бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти кирешелер бөлүгүн чындоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйындар киргизилсин жана алардын статьялары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Жергиликтүү салыктар:
Жер салыктары:
а) айыл чарба багытында алынуучу жер салык ар бир гектарга сугат жерлерге 308,88 сом, кайракы жерлерге 52 сом 50 тыйын, көп жылдык бак-дарактар 164 сом, шаалба жерлерге 11 сом, жайыт жерлерге 4 сом 80 тыйын өлчөмүндө Салык Кодексинин 341 ст. бекитилсин.
б) айыл чарба эмес жерлерден алынуучу салык, Салык Кодексинин 341-339 ст. ылайык бекитилсин.
в) короо жай жана участок тараптан алынуучу жер салык 1 кв.м 0,10 сом өлчөмдө Салык Кодексинин 338 ст. бекитилсин.
14. Кыймылдуу мүлк салыгы (транспорт салык) (Кыргыз Республикасынын салык Колдексинин 323 статьясынын негизинде) салыктын бул түрүн менчик автотранспорттору жана айыл чарба техникалары бар. Кыргыз Республика жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар төлөөмү болуп эсептелет. Салык чегеруу объектиси жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын салык Колдексинин 328 статьясынын негизинде жүргүсүлсүн.
15. Турак жай мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
16. Сатуудан жана акы кызматтар көрсөтүү салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин
17. Ыктыярдуу жана милдеттү патентин негизинде алынуучу салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
18. Муниципалдык менчиктен жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин.
19. Юстиция органдары алуучу мамлекеттик айып мыйзамдын негизинде алынсын.
20. Бюджеттин киреше жана чыгаша булагы толук камсыз кылуу үчүн жана бюджеттик мекемелерди (бала бакча) тамак аш менен камсыз кылуу максатында тендер откорулсун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген баа жана базар баасы менен алынсын.
21. Ата – энелер толому боюнча ар бир балага 400 сомдон, ал эми Тай-Кулук жана Асел б/б ремонт иштери учун ар бир балага 340 сомдон бекитилсин.
22. Атайын каражат төлөмдөрү киреше жана чыгаша булактары 1 355,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
23. Жылдын башында бекитилген бюджетте каралбай бюджетти аткарууда оз ара эсептешуу боюнча республикалыктан жергиликтуу бюджетке берилуучу акча каражат 802,6 мин сом бекитилсин.
24. Көк-Ой айылдык округунун айыл Кенешинин 8 - чакырылышынын 24 - сессиясында токтомунун негизинде 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешеден ашык түшкөн 638 891 сом эркин каражат белгилинип бекитилсин.
25. Айыл округунун мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга, чейректен чейреке жылдыруу жагы айыл округунун финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Такталышын райондук финансы бөлүмүнөн билдирилип туруусу жагы жүктөлсүн.
26. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Көк-Ой айыл округунун айыл Кенешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн
27. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу “Асель” бала-бакчасынын кун чыгыш тарабында элдин талабынын негизинде Ленин көчөсүнө өтүү үчүн 4-метр бир таман жол берилсин .
28. Талас токой чарбасы ,Көк-Ой айыл аймагы менен жеринен каралып чыгып чектешкен чегерасы такталган жана айыл Кенештин депутаттардын 8-чакырылыштын 24- сессиясында бекитилди.
Төрага | М. Аширалиев |