Загрузка документа…
Кең-Кол айыл аймагынын айыл кенешинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 31 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТУП
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-ноябры № 21
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн 9-айдын ичинде бюджеттин аткарылышы жана “Сатылган “ жааматтын ошондой эле туугандардын кайрылуусунун негизинде Кен-Кол көчөсүнүн атын , Сатылган –Датканын ысымына ыйгаруу жөнүндө
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн 9-айдын ичинде бюджеттин аткарылышы жана “Сатылган “ жааматтын ошондой эле туугандардын кайрылуусунда , Кен-Кол көчөсүнүн атын , Сатылган –Датканын ысымына ыйгаруу максатында Көк-Ой айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын жыйырма биринчи кенешмесинин токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн 9-айдын ичинде бюджеттин аткарылышы канаатандырылсын.
2. “Сатылган “ жааматтын ошондой эле туугандардын кайрылуусунда , Кен-Кол көчөсүнүн атын , Сатылган –Датканын ысымына ыйгаруу максатында Көк-Ой айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын жыйырма биринчи кенешмесинин токтомунун негизинде –бекитилсин.
3. Көк-Ой айылдын кире беришиндеги У.Субанов көчөсүндөгү , жашоочулардын кайрылуу арызын талабын аткаруу максатында, суунун угун буруу үчүн өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам негизинде “Дренаж “ казылып бүткөрүлсүн.
4. Кообашев Рыспек атындагы көчөсүнүн , түндук тарабындагы участокту белгисиз адамдар там салабыз деп аракет кылууда , мыйзам чегинде текшерилсин, текшеруу жагы жер боюнча башкы адис - Арыкбаев А.К тапшырылсын.
5. Жаштар демилгесинин негизинде ,Көк-Ой айылын жашоочусу, Деркенбай уулу Бактыбекке кол күрөш боюнча турнир өткөрүү багытында бюджеттин эсебинен 10,0 мин,сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
6. Талас райондук сотунун чечиминин негизинде,(соттун чечими тиркелет) Көк-Ой айыл өкмөтүнө тиешелүү берилген, бала-бакчага капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн акча каражаттын Талас райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 587000 сом суралсын жана мыйзамдын негизинде Талас райондук мамлекеттик каттоо аркылуу өткөрүп айыл өкмөтөтүнүн балансына кабыл алынсын
7. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Т.Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебинин кун батыш тарабына ошондой эле айыл ичинде чон жолдорго, кайрылыштарга окуучулардын коопсуздук жана коомдук тартипти сактоо боюнча атайын жол эрежеси боюнча мыйзам негизинде тиешелуу белгилер орнотулсун. (жооптуу жер боюнча башкы адис -Арыкбаев А.К )
8. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнун башчысы – Кушубеков А.А жүктөлсүн.
Төрага | М. Аширалиев |