Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 1
Акназаров айыл өкмөтүнүн “ Бакай-Ата райондук Таза Суу”муниципалдык ишканасына “кош негиздөөчү “ болуусуна макулдук берүү жөнүндө
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 30-майындагы кезексиз 22- сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бакай-Ата районунун аймагында уюшулуп жаткан “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасына Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтү “кош негиздөөчү” (“ соучредитель” ) болуусуна макулдук берилсин.
2. Бакай-Ата районунун аймагында “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасы уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасынын кош негиздөөчүлүгүнө Акназаров айыл аймагынын атынан Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысов сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
4. Токтом жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |