Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 35
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекитилген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кууганды айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кууганды айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Э.Тайтекеев |