Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7- чакырылышы кезектеги 25- сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 38
Кууганды айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 15-сентябрь 2016-жылдагы №176 буйругунун негизинде, Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы №62 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Кууганды айыл аймагынын Үч-Эмчек калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кууганды айыл аймагынынҮч-эмчек калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Э.Тайтекеев |