Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7- чакырылышы кезектеги 25- сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 39
Бүргө баатыр атындагы “Арал” чек ара заставасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Талас чек ара башкармалыгынын Бүргө баатыр атындагы “Арал” чек ара заставасынын 2019-жылдын 29-январындагы №28 сандуу каты, чек ара заставасынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында кайрылган катын карап, талкуулап чыгып Кууганды айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүргө Баатыр атындагы “Арал” чек ара заставасынын дарбазасын оңдоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен 15 000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кууганды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Э.Тайтекеев |