Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 45
Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө
КР Айыл чарба,тамак-аш,өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы мелиорациялык гидрология экспедициясынын 2019-жылдын 18-февралындагы №1сандуу катын, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 21-февралындагы №03-21/168 сандуу катын карап, талкуулап Кууганды айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн быйылкы жылдын бюджети бекитилип калгандыктан,аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жумшалуучу каражаттын көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу, мүмкүнчүлүккө жараша кийинки 2020-жылдын бюджетине сунуштоого калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |