Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 1
Кыргыз Республикасынын “Ак шумкар” өзгөчө наамына сунуштоо жөнүндө
Шадыкан айылдык кеңешинин ХХУ11 чакырылышынын 2019-жылдын 14-мартындагы кезексиз 3 сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызабековдун Социалисттик Эмгектин Баатыры, эки Ленин,Октябрь революциясы,эки Эмгек Кызыл Туу жана Ардак белгиси ордендеринин ээси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолкудепутаты маркум Акназаров Корчубекти Кыргыз Республикасынын “Ак шумкар” өзгөчө наамына көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусу жактырылсын.
2. Көрсөтүү советтик- партиялык,коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери,Социалисттик Эмгектин Баатыры мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп - өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон,иш билги жетекчи жана уюштуруучу эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Акназаров Корчубек Акназаровичти Кыргыз Республикасынын “Ак шумкар” өзгөчө наамына көрсөтүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Суютбеков Урстомбек Тутуевичке жүктөлсүн.
Төрага | А.Назаралиев |