Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-18/ 76
Кайыңды айылдык аймагынын 2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясынын кортундусунун негизинде Кайыңды айыл өкмүтүнүн 2019-жылдын бюджетинин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык өкмөтүнүн 2019- жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 10222,0 миң сомго жана чыгашалар боюнча 10222,0 миң сомго бекитилсин, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен алынуучу теңдөөчү грант 4346,3 миң сомго бекитилсин.
2. Кайыңды айыл өкмөтунун 2019-жылдагы бюджетинин атайын каражатынын кирешелер булагы боюнча 516,0 миң сомго жана чыгашалар боюнча 516,0 миң сомго бекитилсин.
3. Кайыңды айыл аймагында жайгашкан мекеме – уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөрүүнү жүргүзүү тармактык комиссясынын макулашуусу менен жана аткаруу жагын айыл өмөтүнүн КЭБ башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
4. Кайыңды айыл аймагында жайгашкан мекеме- уюмдар 2018-жылы жетишсиз каржыланган чыгымдары 2019-жылга каралган каражаттардын чектеринде компенсанциялансын.
5. Жергиликтүү бюджетке чыгашадан киреше булагынан көп түшкөн каражатты финансы тарабынан ар кандай статьяларга чыгымдоого макулдук берилсин.
6. Өзгөчө кырдалдарды алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн 160,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
7. Арал айылынын “Байчечекей” балдар бакчасы ишке киргенине байланыштуу чыгаша булагы жергиликтүү бюджеттин эсебине киргизилсин.
Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акыны,соц.фонд ,коммуналдык чыгымдар,электр энергия, көмүр).
9. Кайынды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин штаттык бирдиги 16,0 анын ичинен топ-1,0 иш кагаздарды жүргүзүүчү, моп 0,5 пол жуугуч, 0,5 кароолчу, айыл чарба тармагы штаттык бирдиги 5,0 болуп бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнө керек болгон учурда жыл ичинде сметада караган, келишимдин негизинде түзүлгөн эмгек маяналары, ар кандай салтанаттуу мааракелерди өткөрүүгө, резерв фондундагы,эмерек алуудан ар кандай чыгымдардан накталай акча каражатын алууга уруксат берилсин.
Төрага | Б.Алымбаев |