Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-18/ 77
Жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктардын өлчөмдөрун бектүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бектилип берилсин:
Кара малга: 1. Сырттан келген мал башына - 100 сом
2.Жергиликтүү жарандардын мал башына – 50 сом
Кой,эчкиге: 1. Сырттан келген мал башына - 20 сом
2.Жергиликтүү жарандардын мал башына – 10 сом
2. Жайыт комитетинин 2019- жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 360200 сомго жана чыгашалар боюнча 360200 сомго бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин төрагасы (Т.Керимбеков) айыл өкмөтүнүн вет.адиси (А.Султаналиев) менен бирдикте сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу орууларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аныктамаларын текшерүү жагы милдеттендирилсин.
4. Мал багып жайыт пайдаланган малчылар менен эки тараптуу келишим 15-апрелге чейин жүргүзүлүп, малды алыскы жайыттарга көчүрүү жагын көзөмөлдөө жагы ЖК башчысы Т.Керимбековко тапшырылсын.
5. Малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2019-жылдын бюджетинин долбооруна такталып киргизилген малдын башына карата эсептөөлөрдү бекитүү жанан айыл чарбасы боюнча тармактык комиссиясы менен бирдикте кийинки сессиянын отурумуна дайындоо жагы Ж.К. башчысы К.Узенбековко милдеттендирилсин.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “ Жайыт пайдалануу жана башкаруу жаматтык планы” бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |