Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жыл 26- февралы № 27- 18/ 79
Кайыңды айылдык аймактык кеңешин кайталап атоо, Уставын кабыл алуу жана кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мйызамдарына ылайык келтирүү максатында, 2011-жылдын 16- июлундагы Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21,31,65-беренелеринин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас районунун “ Кайыңды айылдык аймактык кеңеши” Кайыңды айылдык кеңеши болуп кайрадан аталсын жана Уставы жаңы редакцияда кыргыз тилинде кабыл алынсын. ( 1-тиркеме)
. Кайыңды айылдык кенешинин толук фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде : Талас облусунун Манас районунун “Кайыңды айыл кеңеши” мекемеси.
-расмий тилде: Учреждение “ Кайындинский айыльный кеңеш” Манасского района Таласской области.
2. Кайыңды айылдык кеңеши тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Изаковко милдеттендирилсин.
Кеңештин чечиминде көрсотүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра катоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Б.Алымбаев |