Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-18/83
Полигон уюштуруу маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 71 беренесине ылайык, белгиленген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө жана түкүрүү 3 –категориядагы айып пул : жеке адамдар үчүн-55 эсептик көрсөткүч,юридикалык жактар үчүн 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана жалбырактарды өрттөө 4 – категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн-75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептик көрсөткүч 100 сомду түзөт. Кайынды айыл аймагына караштуу конуштуу айылдардын таштандыларын иретке келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир конуштуу айылдарга жалбырактарды жана таштандыларды өртөөгө жана таштаганга атайын санитардык полигон уюштурулсун
2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Таштандыларды иретке келтирүү жана полигонго чыгаруу максатында, жеке турак жайларга жана мекеме уюмдарга, ар бир кварталда 50 сом өлчөмүндө акча каражатын төлөө жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |