Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-18/85
А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин чатырын ондоо жөнүндө
Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин чатырынын 602 м2 жерин катуу шамалдын кесепетинен учуруп кеткен чатырды кайрадан калыбына келтирүү үчүн жана комиссиянын актысынын негизинде (акты тиркелет)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын А.Усөнбаев атындагы орто мектебинин чатырын калыбына келтирүү үчүн айыл аймактын “Кол тийгис” акча каражатынын эсебинен 100 000 сомду бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |