Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-марты № 6
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлериндеги 30 га жерди аукциондун негизинде ижарага 5 жылдык мөөнөт менен берилсин.
2. Аукционго коюлган 30 га жердин баштапкы баасы жердин шартына жараша 3000 (үч миң) сомдон 5000 (беш миң) сомго чейин белгиленсин.
3. Жарандардан түшкөн арыздарды кабыл алуу жана иш кагаздарды тариздөө жагы жетектөөчү адис Н.Эсеналиевага милдеттендирилсин.
4. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарага берүү боюнча келишим түзүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |