Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты № 7
Кара-Суу айылындагы Төш-Машат участкасындагы кой мончону ижарага берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине таянуу менен Эл Депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылындагы күнгөй тарапта жайгашкан Төш-Машат участкасындагы кой мончо ижарага берилсин.
2. Кара-Суу айылынын тургуну Анарбек уулу Аманбекке 9 (тогуз) жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
3. Төш-Машат участкасындагы кой мончону ижарага берүү боюнча келишим түзүү , ижара акысын белгилөө, мөөнөтүн аныктоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |