Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты № 8
2018-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражатты пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2018-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражат жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Эл Депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен эркин каражатынан калган 1 470 900 сом төмөндөгүдөй жумшалсын:
2. 2018-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражаттын эсебинен 21 530 (жыйырма бир миң беш жүз отуз) миң сом жайытка жумшалсын.
67 000 (алтымыш жети) миң сом акча каражаты жайыттын жолдорун оңдоого жумшалсын.
3. Айылдын ички көчөлөрүн оңдоо үчүн “Ак-Булак” муниципалдык ишканасынын техникаларына күйүүчү май алууга 250 000 (эки жүз элүү ) миң сом акча каражаты жумшалсын.
4. Кыргызстан ассоциясынын ден соолук комитети аркылуу келген долбооруна айылдын сергек жашоосуна умтулуу максатында машыгуу залына шаймандарды алуу үчүн өздүк салымына 150 000 (жүз элүү ) миң сом акча каражаты жумшалсын.
5. АРИС долбоору тарабынан келип жаткан техниканы алуу үчүн өздүк салымына 650 000 (алты жүз элүү) миң сом акча каражаты жумшалсын.
6. Кара-Суу айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине 332 370 (үч жүз отуз эки миң үч жүз жетмиш) миң сом акча каражаты жумшалсын.
7. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |