Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты № 11
Кара-Суу айылдык аймагында спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу жөнүндө
Кара-Суу айылдык аймагындагы айыл тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагында спирт ичимдиктерин (арак, пиво, вино, коньяк, жана башкалар) 2019-жылдын 19-мартынан баштап сатууга тыюу салынсын.
2. Спирт ичимдигине тыюу салынгандан кийин спирт ичимдиктерди жашыруун саткан атуулдарга 5000(беш миң)сом дон 10000(он миң)сом го чейин айып пул төлөнөөрү белгиленсин.
3. Мурда алынып келинген спирт ичимдиктерди (алар: Арак,коньяк,пиво ж.б ) 2019-жылдын 1-майына чейин сатылып бүтсүн жана ошол күндөн баштап айылдык аймактарда спирт ичимдиктерди сатпоо боюнча элдин талабы дүкөндөрдүн ээсине эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл аймагынын алдында түзүлгөн жаштар уюмуна тапшырылсын.
5. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |