Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты № 12
Кара-Суу айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 15-сентябрындагы №176сандуу буйругунун негизинде “Кыргызмамжер долбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу, Стамбек калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу, Стамбек калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |