Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма биринчи кезексиз
2018-жылдын 27-ноябры № 95
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Өмүралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.Алмолдоев |