Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма биринчи кезексиз
2018-жылдын 27-ноябры № 95
Өмүралиев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана мунуиципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана мунуиципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алуусун камсыздоо максатында Өмүралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмуралиев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобосу бекитилсин.
2. ”Бирдиктүү терезе ”принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимдин формасы бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.Алмолдоев |