Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты № 16
Муниципалдык ишкананын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын 47, 50-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 230-беренесинин негизинде Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АК-Булак” муниципалдык ишканасынын фирмалык аталышы “Ак-Булак” машина-трактордук станциясы муниципалдык ишканасы болуп кайрадан аталсын (мындан ары ишкана).
2. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде: “Ак-Булак” машина-трактордук станциясы муниципалдык ишканасы;
-расмий тилде:Муниципальное предприятие машино-тракторная станция “Ак-Булак”.
3. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде: “Ак-Булак” МТС МИ;
-расмий тилде: МП МТС “Ак-Булак”.
4. Уюштуруучу тарабынан иштелип чыккан ишкананын Уставы жана редакцияда бекитилсин.
5. Ишкана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүү ишкананын жетекчиси Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
6. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткарууга жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |