Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXXIХ-чакырылышынын кезектеги сессиясы
2019-жылдын 23-майы№ 2
Өнүктүрүү фондун ачуу жөнүндө
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги №02-17/542 сандуу каттын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштоосун карап талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 39-чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдын атуулдарынын туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн өлкө ичинде жана тышкы өлкөлөрдө эмгектенген ишкерлердин эсебинен каражат топтоо үчүн Кең-Арал айыл өкмөтүндө өнүктүрүү фонду ачылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Укуеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Жумабеков И.О. |