Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2018-жылдын 21-декабры № 93
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн бекитүү жана 2020-2021-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жана 2020-2021-жылдарга долбоорун кароо боюнча Салам-Алик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн 70 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан милдетүү патентөө негиздеги салыктан, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөрдөн-айылдардан жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасынан пайдалангандыгы үчүн салыктан (стртегиялык пайдалуу кендерди, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктын (бонустар) республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмдө белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгеелдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 118,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнө 2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелерге (эмгек акыга, соц фондко чегерүү, тамак ашка, дары дармекке, коммуналдык чыгымдарга, электр энергияга (көмүргө, сууга) жумшоо жагы сунушталсын.
7. Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелерге жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
9. Айыл өкмөтү тарабынан максатуу багыталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
11. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулгандыгы атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республиасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
12. Айланма кассалык (оборотный кассовый наличнасть) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн наталай акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата 100,0 (жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт боюнча чогултулган акча каражатынын киреше бөлүгү 400,0миң сом эсебине бекитилип 3-1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна калтырылсын
14. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |