Редакцияот 21.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2018-жылдын 21-декабры № 94

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Сатыбалдыев Шермамат Раимбековичке Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 4-элдик жыйынын токтомунун жана тиешелүү жоболорго ылайык Салам-Алик айыл кеёеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Республиканын аймагынын саламаттыкты сактоо мекемелеринде көп жыл эмгектенип, калктын ден соолугуна кам көрүп, талыкпаган эмгеги, эл арасында кадыр-баркы, дарыгерлик кесиби менен эмгеги сиёген, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондогу эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айылынын тургуну, кесипкөй дарыгер Сатыбалдыев Шермамат Раимбековичке Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеёешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Таштемиров