Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 96
Салам-Алик айылындагы бала бакчанын ремонтуна жана бала бакчаларга чарбалык товарларды алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын эсебинен калган калдык акча каражаттарын 2019-жылдын бюджетинен кошумча аткарыла турган иштерге кошумча план киргизүү жөнүндө маселени карап жана“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынан 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бюджетине 1200000-00 сом, атайын каражат эсебинен 124010-00 сом акча каражаттары төмөндөгү бөлүкчөлөргө смета түзүлүп иштетилсин:
-ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясына 1150000-00 сом Салам-Алик
айылындагы бала бакчанын курулушуна;
-ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2215 статьясына 50000-00 сом Салам-Алик
айылындагы бала бакчанын калган курулуш иштеринен проект
жасатуу үчүн;
-атайын каражат эсебинен бала бакча бөлүкчөсүнүн 2215 статьясына
124010-00 сом бала бакчаларга чарбалык товарларды алуу үчүн;
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |