Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 97
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин кабыл алуу
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик Жайыт комитетинин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча Жайыт комитетинин төрагасы Т.Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик жайыт комитетинин 2018-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Салам-Алик жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 483875-00 сом, ал эми киреше бөлүгү 483875-00 сом болуп бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Салам-Алик жайыт комитетитинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |