Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 17-3
Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2019-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2019-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровдун жана ФЭБнүн А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2019-жылга карата №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүп бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ЖПБне АРИСтин долбоору аркылуу айыл аймагына ветеринардык сервис куруу үчүн өздүк салым үчүн 500,0 миң сом, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине кошумча айлык акы үчүн 150,1 миң сом соц фондго 25,9 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |
Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз он жетинчи сессиясынын № 17-3-токтомуна тиркеме.
01.01.2019-жылга карата эсептик счетундагы калдыгы | Тармактык код | сумма |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 70111 | 1070,0 |
Айыл чарбасы
| 70491 | 327,2 |
Комуналдык чарба
| 70629 | 123,0 |
Маданият тармагы
| 70823 | 24,0 |
Билим берүү
| 70921 | 60,0 |
Социалдык коргоо
| 71091 | 169,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы
|
| 1773,2 |
Кеңеш айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы Шадыбекова А