КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 17-4
АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыздоо боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын курамын бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн жумушчу комиссия түзүү керектүүлүгү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн төмөндөгүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлүп бекитилсин.
Кудайназаров Н-бюджеттик комиссиянын төрагасы
Жороев Н-айылдык кеңештин депутаты
Карыбеков Н-жайыт комитетинин төрагасы
Мадраимов А-ФЭБнүн башчысы
Мамашарип уулу Д-айылдык кеңештин депутаты.
2. АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканы иштетүүнүн жобосун иштеп чыгуу жана жобонун негизинде тарификациясын иштеп чыгуу жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |