Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 17-5
Кеңеш айыл аймагынын Куу-майдан айылындагы Медересе калктуу конушуна балдар бакчасын курууга уруксат берүү тууралуу
Куу-майдан айылындагы Медересе калктуу конушуна курулуучу балдар бакчасына уруксат берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылындагы Медересе-2 көчөсүнүн сол тарабында жайгашкан мамлекеттик каттодо Н;5-05-07-1001-0680-коду менен катталган 0,25 га бош жаткан жерге балдар бакчасын салууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчикке алынсын.
2. Балдар бакчасын салууга керектүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке жана айыл башчысы К.Асамидиновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |