Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 17-6
“АРИС” долбоору аркылуу Куу-майдан айылына курулуучу ветеринардык сервиске жер ажыратып берүү тууралуу
“АРИС” долбоору аркылуу Куу-майдан айылына курулуучу Ветеринардык сервиске кантора салуу учун жер ажыратып берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылындагы Эки-тал калктуу конуштагы атайын социалдык объектилер үчүн калтырылган жерден 0,16 га жерине ветеринардык сервис салууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчикке алынсын.
2. Ветеринардык сервиске канторасын салууга керектүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке жана айыл башчысы К.Асамидиновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |