Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) XII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 2
Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата иш- планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата иш- пландын долбоору боюнча жооптуу катчы Р. Маматованын 15.01.2019-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата иш- планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |
№ | Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | 1. Айылдык Кенешинин иш- планын бекитүү 2. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы. 3. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга карата бюджетин бекитүү. | 1- квартал | Р. Абдуллаев М.Матраимов Туруктуу комиссия
|
2 |
1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы. 3. Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө |
2-квартал |
Соц. адис Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия
жер. адис Туруктуу комиссия
|
3 | 1. 2019- жыл “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы ” деп жарыялангандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарган иши жана 2019-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча 2. Кышка карата даярдыктар боюнча. 3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал
| Туруктуу комиссия ФЭБ бөлүмү
Туруктуу комиссия Айыл башчылар Туруктуу комиссия Айыл башчылар
|
4 | 1. Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө. 2. СВА, ФАП, ПОЧТА бөлүмдөрүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 3. Маданият үйүнүн жана балдар бакчасынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
| 4- квартал | Туруктуу комиссия Аймактык инспекторлор Туруктуу комиссия Соц.адис Туруктуу комиссия Соц.адис
|
Жылалды айылдык Кеңешинин төрагасы:- М. Акназаров