Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) XII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 5
Жылалды айыл аймагынан ветеринардык адис боюнча билим алып жаткан эки баланын келишим менен окугандыгына байланыштуу, келишим акча каражатынын 50% төлөп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл аймагынан ветеринардык адис боюнча билим алып жаткан эки баланын келишим менен окугандыгына байланыштуу, келишим акча каражатынын 50% төлөп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
1. ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл аймагынан ветеринардык адис боюнча билим алып жаткан эки баланын келишим менен окугандыгына байланыштуу, Жылалды айыл өкмөтү тарабынан келишим акча каражатынын 50% ы төлөнүп берилсин.
2. Жылалды айыл аймагынан ветеринардык адис боюнча билим алып жаткан эки баланын келишим менен окугандыгына байланыштуу, Жылалды айыл өкмөтү тарабынан келишим акча каражатынын 50%ын төлөп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Келишимдин негизинде ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин жер, агрардык маселелер жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |