Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 60
Жылады айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү, 2020-2021 жылдарга карата долбоорун кароо жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XI - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2020-2021 жылдарга карата долбоорун кароо жөнүндө маселени, айыл кенешинин бюджет финансы салык жана социалдык төлөм маселелер боюнча туруктуу комиссиясында 07.12.2018-жылы алдына ала каралып, алардын кароосунун негизинде ФЭБ башчысы Матраимов Мамытбектин 10.12.2018-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана маселени угуп жана талкуулап Жылады айыл Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы
16 656,1миё сомго бекитилсин жана 2019-жылга Жылалды айыл өкмөтүнүн болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгашалар бөлүгү 10773,8мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
( №1, №2 тиркеме тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2021 жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктан түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери учун сатуудан түшкөн салыктан – 50% өлчөмүндө.
б) бирдиктуу салык негизинде түшүүлөрдөн, ыктыярдуу жана милдеттүү патент негизиндеги салыктардан жергиликтүү бюджетке – 100% өлчөмүндө
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү бюджеттерине-50% өлчөмүндө
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) Республикалык бюджетке – 100% өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5.Мыйзам менен каралган укуктардын чектеринде – жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2016-жылдын 30-ноябрындагы КР Жогорку кенеши тарабынан кабыл алынып, мыйзам менен бекитилген 2019-2021-жылдарга тендөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 70,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтык (электр энергия, көмур, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
8. Айыл өкмөтүнүн теёдөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.
9. Республикалык бюджеттен теёдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
10. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
11. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100%
Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
12. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Айыл өкмөттүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, каржыланбай калган каражаттар 2019-жылдын бюджетин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
14.Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин бюджет финансы, салык жана социалдык төлөм маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |