Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү XI- сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 61
Красный-Маяк айылындагы иштетилбей турган эски мончонун орду 0,05га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XI - сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылындагы иштетилбей турган эски мончонун орду 0,05га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу арызын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Красный-Маяк айылындагы иштетилбей турган эски мончонун орду 0,05га жер тилкеси муниципалдык жер катары каттоого алынсын.
2. Бекитилип берилген жер тилкесине убактылуу болгон каттоону “ Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |