Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү XI- сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 63
Красный-Маяк айылындагы иштетилбей турган эски мончонун ордуна, убактылуу нан бышыруучу жана чеберчилик кичи цехин куруу боюнча
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XI - сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылынын тургуну Сатыбалдыева Курманжандын
10.12. 2018-жылы берген арызы боюнча Красный-Маяк айылындагы эски союз маалында курулуп, азыркы убакта дубалдары бузулуп, иштетилбей турган мончонун 0,05га жер тилкесинин ордуна, убактылуу арендага нан бышыруучу жана чеберчилик кичи цехин куруу боюнча арызын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Красный-Маяк айылындагы эски союз маалында курулуп, азыркы убакта дубалдары бузулуп, иштетилбей турган мончонун багыты өзгөртүлүп, ордуна убактылуу
5 ( беш) жылдык мөөнөткө арендага 0,05га жер тилкесине, нан бышыруучу жана чеберчилик кичи цехин куруу үчүн Сатыбалдиева Курманжанга уруксат берилсин.
2. Бекитилип берилген жер тилкесине убактылуу болгон каттоону “ Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |