Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү XI- сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 64
Красный-Маяк айылындагы “ А. Төрөгельдиев” атындагы эски мектептин ордуна балдар бакчасын куруу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XI - сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылындагы “ А. Төрөгельдиев” атындагы эски мектептин ордуна балдар бакчасын куруу үчүн депутат Төрөгельдиев Манастын 10.12.2018-жылдагы сунушу боюнча угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Красный-Маяк айылындагы жалпы аянты 0.50 га болгон “ А. Төрөгельдиев” атындагы эски мектептин ордуна балдар бакчасын куруу үчүн бекитилип берилсин жана Жылалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп саналсын.
2. Бекитилип берилген жер тилкесине болгон каттоону “ Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү , КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |