Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХVII сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 23
Улахол айыл аймагында топоздорду жайгаштыруу көчүрүп кондуруу маселелери жөнүндө
Улахол айыл аймагында топоздорду жайгаштыруу көчүрүп кондуруу маселелери жөнүндөгү А.Ашымбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Улахол айыл аймагында топоздорду жайгаштыруу көчүрүп кондуруу маселелери боюнча А.Ашымбековдун маалыматы кабыл алынсын.
2. Топоз ээлери менен Туура-Суу айылына чогулуш өткөрүү Улахол ЖПБне милдетендирилсин.
3. Улахол айыл аймагында топоздорду жайгаштырууда чектөө коюп, көчүү графиги бекитилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ашымов |