Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХVII сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 28
Улахол айылдык аймагынын Кара-Шаар айылынын тургундарынын кайрылуусу боюнча
Улахол айылдык аймагынын Кара-Шаар айылынын тургундары «Ак Тилек» жана «Ийгилик» жамааттарынын төрайымдары Тогочиева А., Бейшеналиева А. кайрылууларын талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Улахол айылдык аймагынын Кара-Шаар айылынын «Ак Тилек» жана «Ийгилик» жамааттарына айылдагы эски мончонун имаратын 20 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара акысынын суммасын жана келишим түзүү жана тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ашымов |