Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХVII сессиясы
2019-жылдын 12-марты №25
Улахол айыл аймагында турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу маселери жөнүндө
Улахол айыл аймагында турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу маселери жөнүндө И. Жээнтаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Улахол айыл аймагында турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу боюнча Балыкчы Тазалык ишканасы менен келишим түзүүгө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Улахол айыл аймагында турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу маселери боюнча бюджетте таштандыларды чыгарууга каралган 80960 сомду жана калдык акчадан таштанды чыгарууга каралган 26752 сомду; бардыгы 107712сом берилсин.
3. Программалардын өзгөрүүсүнөн кабыл алынбай жаткандыгына байланыштуу
Улахол айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган клубдун 22154100 статьясынан
715200 сом клубдун эле 22154900 статьясына жылдырылсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ашымов |