Редакцияот 13.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2019-жылдын 13-марты № 4

2019-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен бөлүп берүү жөнүндө

 2019-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен төмөнкүчө:

-Салык (налог) форма-701 бөлүмүнүн 3112 беренеси эсебинен 30 000 (отуз миё) сом;

-“Жылуулук берүү” ишканасына-706 бөлүмүнүн 3112 беренеси эсебинен 716 000 (жети жүз он алты миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров