Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 7
“Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коому иштеп чыккан Ноокат шаары катуу тирикчилик калдыкатарын чыгаруу тарифинин эсеби жана КТК топтолуучу ченем нормаларын (норма накопления) бекитип берүү жөнүндө
“Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коому иштеп чыккан Ноокат шаары катуу тирикчилик калдыкатарын чыгаруу тарифинин эсеби жана КТК топтолуучу ченем нормаларын (норма накопления) бекитип берүү жөнүндөгү “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун 2019-жылдын 5-мартында Ноокат шаардык кеңешине жазган №6 катын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коому иштеп чыккан Ноокат шаары катуу тирикчилик калдыкатарын чыгаруу тарифинин эсеби жана КТК топтолуучу ченем нормалары прейскуранттык баалары төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Баасы |
1 | Чыгаша (өздүк наркы) | Сом | 3 764 038 |
2 | Төлөмдүн салымы коэффициент | К=20% | 3 764 038 |
3 | Рентабелдуулук (10 %) | % | 376 404 |
Жалпы |
| 4 140 441 | |
| Таштанды таштоочу жайга төлөө полигон | Сом | 56 000 |
| Салыктар | Сом | 257 013 |
| Салыктар жана таштанды таштоочу жайдын төлөмдөрү менен жалпы | Сом | 4 453 455 |
| КТКнын жылдык көлөмү | М.куб | 8 275 |
| 1 м.куб КТКны чыгаруунун баасы | Сом | 538 |
Өлчөө бирдиги | Наркы (сом) | |
1 м.куб КТКнын наркы | Сом | 538 |
1 рейс | Баасы | 3229,01 |
Каптын саны | 1 рейсте | 100 |
1 каптын наркы | Сом | 32,29 |
Субсидия | Сом | 10,0 |
Ноокат шаарынын тургундарына 1 каптын наркы | Сом | 22,29 |
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |