Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 22- кезектеги сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 2
Дѳн-Кыштак айылындагы М.Туйчибаев атындагы кѳчѳдѳгγ 700 чарчы метр жер аянтын аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дѳң-Кыштак айылындагы М.Туйчибаев атындагы кѳчѳдѳ жайгашкан 700 чарчы метр жер аянтын аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга макулдук берγγ туралуу маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Дѳң-Кыштак айылындагы М.Туйчибаев атындагы кѳчѳдѳгγ айыл ѳкмѳтγнγн муниципиалдык менчигиндеги 700 чарчы метр жер аянтын аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чегинде аталган жер аянтын аукцион жолу менен жеке менчикке сатуу иштерин уюштуруу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешитин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |